Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ: Билим берүү жана илим министри пара алып жаткан жеринен кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери пара алып жаткан жеринен КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди кармашты.

Учурда чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго кабыл алууда өзгөчө ири суммада (110 миң доллар) пара алуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Толук маалымат кылмыш ишинин мындан аркы иликтөөсүнүн жыйынтыгында берилет.

ИИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх