Депутат Тазабек Икрамов Баткен облусунун атын Манас облусу деп өзгөртүүнү сунуштап жатат
Бул элдин биримдигин жана күчүн көрсөтөрүнө парламентарий терең ишенет
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Баткен облусунун атын Манас облусу деп өзгөртүүнү сунуштады.
«Баткен окуясында каза болгон бардык аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам», - деди Икрамов. -Элдин башын бириктирип, мамлекетти бекемдеген эпос баатырыбыздын ысымы кыргыздын биримдигин, эрдигин айгинелеши үчүн Баткен облусун Манас облусу деп атоону сунуштайм.
Ислам Жолдошов
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз