Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Капчыгай кайра калыбына келтирилет. Акылбек Жапаров Баткен районундагы талкаланган айылдардын абалын текшерди

"Биз жаңы үйлөрдү курабыз"

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында болду.

Министрлер Кабинетинин башчысы чек арага чектеш айылдардын тургундары менен жолугушуп, Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясынан жабыркаган турак жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди көрүп чыкты.

Учурда жеринде объекттерди баалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, волонтерлор, атайын техникалар тартылган.

«Капчыгай айылында дээрлик бардык үйлөр талкаланган. Биз жаңы үйлөрдү курабыз, анда тийиштүү инфраструктура каралып, таза суу, асфальт жолдор менен камсыз болуп, көчөлөр жарыктандырылат. Бул жаңы айыл болот, тиешелүү башкы планды иштеп чыгуу керек», - деди Акылбек Жапаров жана тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Ак-Сай айылында Министрлер Кабинетинин Төрагасы талкаланган мектептин имаратын көрүп чыкты.

Балдардын коопсуздугун камсыздоону эске алуу менен жаңы мектеп куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров талкаланган канаттуулар фермасын көрүп чыкты.

Ал белгилегендей, мамлекеттик финансы институттары өндүрүштү калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды бөлөт.

Баткен шаарында Министрлер Кабинетинин башчысы куралдуу кагылыштын натыйжасында каза болгондорду эскерди. Курман болгондорго арналып куран окулду.

Белгилей кетсек, эртең, 1-октябрда куралдуу баскынчылыктын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган Баткен жана Ош облустарындагы административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отуруму өтөт.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх