Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азыр Кыргызстанда юридикалык жак 3 саатта эле катталат

Акыркы айдагы практиканы талдоо кезек күтүүлөрдүн, коррупциялык элементтердин жана тобокелдиктердин олуттуу кыскаргандыгын көрсөттү

12-сентябрда КР Юстиция министрлиги юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын шашылыш каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотуу боюнча жаңы форматтагы ишти киргизди.

Акыркы айдагы практиканы талдоо кезек күтүүлөрдүн, коррупциялык элементтердин жана тобокелчиликтердин олуттуу кыскаргандыгын көрсөттү.

Ошондой эле, иштин жаңы форматы юстиция тутумунун аймактык башкармалыктарына онлайн форматта кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон архивдерди санариптештирүү боюнча иштерди баштоого мүмкүнчүлүк түздү.

Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алды.
Кызматтын шашылыштыгы үчүн төлөм жергиликтүү түрдө жүргүзүлөт, б.а. бул кызматтарды алуу үчүн документтер берилген юстиция бөлүмдөрүндө.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх