Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Австриялыктар Кыргызстанда лыжа базасын курууга инвестиция салат

Кыргыз тарап чет элдик компанияга гондола тибиндеги асма жолду заказ кылуу ниетинде

Оруу-Сайда лыжа тебүүчүлөр жана эс алуучулар үчүн асма жолдорду, Тамгадагы спорт комплексин куруу маселеси Бишкекте өтүп жаткан экономикалык байланыштар боюнча кыргыз-австриялык өкмөттүк комиссиянын жыйынында негизги маселелердин бири болду.

- Бул жыйында биз комиссияга эки долбоорубузду айттык. Булар Оруу-Сай жана Тамга. Биз австриялык компания менен кызматташып жаткандыктан, ал жеринде иштей баштады. Аткарылган иштер боюнча комиссияга маалымат бердик, - дейт Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкаруучу директору Александр Валитов.


Ал белгилегендей, учурда дүйнөдө эң мыкты деп таанылган тросторду чыгаруучу австриялык Doppelmayr компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргыз тарап бул компанияга гондола тибиндеги асма жолду заказ кылуу ниетинде. Акыр-аягы, Оруу-Сай трактында жыл бою иштеген туризм жана лыжа кластери пайда болот. Учурда топографиялык изилдөөлөр жана геологиялык изилдөөлөр жүрүп жатат.

- Тамгада биз жумушчу долбоордун үстүнөн иштейли деп топографиялык сүрөткө тартуу жөнүндө гана айтып жатабыз. Келечекте бул жерде спорттук көп функциялуу комплекс болот, - дейт Валитов.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн өкмөттөрү кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту. Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын форматын аныктаган мындай жолугушуу сегизинчи жолу болуп жатат. Ошондой эле айыл чарба жана IT тармагындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Жыйынга кыргыз тараптан каржы министри Алмаз Бакетаев, Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү жана расмий өкүлдөр катышты. Австрия тараптан — чиновниктер, финансисттер жана бизнесмендер. Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев дагы бул идеяны колдоп, жаңы туристтик объектилерди курууга көмөктөшүү үчүн келген.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын бөлүмү лыжа комплексин курууга инвестиция тартууга кепилдик механизмин түзүү маселесин азыртадан эле иштеп жатат. Келишимге ылайык, 30 пайызын кыргыз тарап, 70 пайызын Австрия тарап Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин кепилдиги менен төлөйт.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх