Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик мектеп окуучулары “Балдардан балдарга” кайрымдуулук жарманкесин өткөрүштү (фото)

Түшкөн каражаттын баары Баткен облусундагы балдарга жардамга жумшалды

Бишкектик мектеп окуучулары “Балдардан балдарга” аттуу кайрымдуулук жарманкесин өткөрүштү. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.

Борбор калаадагы соода борборунун алдына колго жасалган буюмдар коюлган столдор коюлду (анын балдары өз колдору менен жасаган). Мадина Миңжылкиеванын балет студиясынын тарбиялануучулары соода борборуна келгендерге өз өнөрлөрүн тартуулашты.


Бир сутка ичинде чогулган 19 миң 620 сом акча каражатынын бардыгы Баткен облусундагы жабыркагандарга которуу үчүн Каржы министрлигинин банктык эсебине которулду.


Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх