Акылбек Жапаров көрсөткөн колдоосу үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирди
Министрлер кабинетинин башчысы Дүйнөлүк банктын делегациясы менен кызматташуунун келечегин талкуулады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде башында турган делегациясы менен жолугушту.
Минкаб башчысы Дүйнөлүк банкка Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, каржы институту мамлекеттин маанилүү өнөктөшү экенин кошумчалады.
Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарын белгилеп, 2022-жылы өлкөнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун натыйжасында экономикалык активдүүлүк жанданып, 2022-жылдын январь-августунда экономиканын оң тенденциясы 8% деңгээлинде өсүү байкалганын кошумчалады.
Анын айтымында, салыктык тескөөнүн натыйжалуулугу, анын ичинде санариптик технологияларды колдонуу аркылуу жогорулап, салыктык башкарууну жакшыртуу аракеттери менен катар Министрлер Кабинети жеке секторду колдоо маселесине олуттуу көңүл буруп, төрт банктык өнүктүрүү институту аркылуу каржылоону бөлүүнү пландаштырууда..
Министрлер Кабинетинин Төрагасы артыкчылыктуу милдеттердин бири өлкөнүн аймактарынын экономикасын ар тараптуу өнүктүрүү экенин белгиледи. Айрыкча, Баткен облусунун.
Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банк тобу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Беш жылдык алкактык өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу маселелери, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун башка маселелери талкууланды.
Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин билдирди жана Беш жылдык алкактык өнөктөштүк программасын сапаттуу иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров документте агроөнөр жай комплекси, туризм, жеке секторду колдоо, транспорт жана энергетика, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары долбоорлору сыяктуу кызматташтыктын багыттарына басым жасалышы керектигин белгиледи.
“Ошол эле учурда, санариптештирүү, жашыл экономика, адам капиталын өнүктүрүү - саламаттыкты сактоо жана билим берүүнү Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун алкагында өткөн максаттар катары көргүм келет”, - деди ал.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы
Фото www