Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилек Текебаев Транспорт министрлигинин жамаатына министрдин м.а катары тааныштырылды

Министрлер кабинетинин башчысы транспорт тармагында демилгеленген реформаларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Тилек Текебаевди тааныштырды.

Минкаб башчысы транспорт тармагында башталган реформаларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ири долбоорлорду ишке ашыруунун, анын ичинде унаа жолдорун, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолдорун куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх