Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат ӨКМ өкүлдөрүнө: Турак жайдын 20-кабатында чыккан өрттү өчүрүүгө атайын техникаларыңыз барбы?

Руслан Жакышов Бишкектеги базарлар өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербей жатканына кабатыр

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында өрт коопсуздугу боюнча маселе каралып жатканда депутат Руслан Жакышов Бишкектин базарлары өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербей турганын белгиледи.

Жакышов ӨКМдин өкүлдөрүнө кайрылып: «Борбордун базарлары өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт. — Өрт чыкса, өрт өчүрүүчү унаалар көздөгөн жерине жете албайт. Кошумчалай кетсек, Бишкекте 16-20 кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Эгерде жогорку кабаттарда өрт чыкса, өрттү өчүрүүгө атайын техникалар барбы? Ошондой эле, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары 1-кабаттары кеңсе, кафе ж.б. үчүн ижарага берилип жатканына нааразы. Бул да жолду тарытат. Уруксаттарды сиздин бөлүмүңүз берет. Мындай уруксааттарды берүүдө тургундар менен макулдашып жатасыздарбы?

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх