Жогорку Соттун башчысы блогерлер менен журналисттерге жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопкерчиликти эскертти
Замирбек Базарбеков массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен тегерек столдо жолугушту
Кыргызстанда сот процесстеринин катышуучулары массалык маалымат каражаттары аркылуу сотторго басым көрсөтүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков “Соттордун ММКлар менен өз ара аракеттенүүсү жана сот процессин чагылдыруу” аттуу тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, ишке кызыгуу күчөгөндүктөн маалымат бурмаланып, натыйжада иш объективдүү чагылдырылбай калган жагдайлар бар.
Мындан тышкары, Базарбеков социалдык тармактарда маалымат тараткан блогерлердин ишмердүүлүгүн өзүнчө белгиледи.
«Жалган маалымат үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертким келет. Жогорку Сот демократиялык коомду түзүүгө жана конструктивдүү сынга багытталган материалдарга чоң көңүл бурат. Бирок кээде блоггерлер жана көз карандысыз журналисттер сот процессинин чоо-жайын билбестен соттордун чечимдерин сындашат. Жалаа жапкан маалымат таратканы үчүн жоопко тартабыз», - деп жыйынтыктады ал.
Сүрөт www