Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандык аял баласын Кыргызстанда бейтааныш адамдарга багууга берген

Казакстан Республикасынын БИМи КРда мыйзамсыз жүргөн беш баланы мекенине кайтарды

Казакстандын Билим берүү министрлигинин Балдардын укугун коргоо комитети беш баланы өлкөгө кайтарды. Жашы жете элек жарандар Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн. 2022-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасынан 3 кыз жана 2 бала кайтарылды.

«Балдардын укугун коргоо комитети балдар үчүн көп иштерди аткарат. Кыргыз Республикасынан болгону 5 жашы жете элек бала - 3 кыз жана 2 бала кайтарылган. Биринчисинде 2011-жылы туулган кыз Кыргызстандын Панфилов районунда мыйзамсыз жүргөн. Колдо болгон маалыматка караганда, баланын апасы кызын тарбиялоо үчүн тиешелүү документтерин тариздебей, кошуна мамлекетке кетип, кызын бейтааныш адамдарга өткөрүп берген. Бала жакын тууганынын өтүнүчү менен Казакстанга кайтарылган. Ошондой эле 2009 жана 2011-жылы туулган кыз менен бала бир туугандар Бишкек шаарында болушкан. Балдарды мекенине кайтаруу зарылдыгы тууралуу кайрылуу Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекеттик органдары аркылуу түшкөн. Дагы бир окуя - 2010-жылы жана 2015-жылы туулган бир туугандар КРнын Ош облусунун Кара-Суу районунда катталган. Балдар туугандарынын жанында мыйзамсыз болуп, апасынын өтүнүчү менен мекенине кайтарылган», - деди вице-министр Гани Бейсембаев.

Окуя учурунда жашы жете электердин баары Алматы шаарындагы Балдарды колдоо борборуна жеткирилген. Учурда Казакстандын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык балдарды туугандарына берүү иштери жүрүп жатат.

Балдардын укуктарын коргоо комитети КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууга ылайык жашы жете элек балдардын ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча алардын туруктуу жашаган мамлекеттерине кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтөт.

Бул иш келечекте Казакстандын жарандарынан арыз түшкөндө улантылат.

КРнын БИМ басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх