Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамкурулуш Баткен районундагы жабыркаган айылдардын башкы пландарын иштеп чыгууда

Пландаштырылган участоктор боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, иштин көлөмү аныкталып, айыл округдарынын башчылары менен жолугушуулар өткөрүлдү

4-октябрда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) алдындагы Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институту Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган чек ара конуштарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча иштерди баштады.

Мамкурулуштун жумушчу тобу Баткен районунун Достук, Капчыгай жана Ак-Сай айылдарынын башкы пландарын иштеп чыгууда. Учурда долбоорлонгон жерлерди изилдөө иштери жүргүзүлүп, аткарылуучу иштердин көлөмү аныкталып, айыл округдарынын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү калк менен жолугушуулар өткөрүлдү. Белгилей кетсек, башкы пландарды иштеп чыгууда бардык компетенттүү пикирлер жана сунуштар эске алынат.

Ошондой эле, Достук жана Капчыгай айылдарында шаар куруунун белгиленген линияларынын туурасы, турак жайларды, ошондой эле мектептерди жана башка эң зарыл социалдык объектилерди куруу үчүн жаңы аймактар ​​аныкталды.

Мамкурулуштун басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх