Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги таштанды таштоочу жайда түтүн өчүрүү улантылууда

250 рейс жасоо пландалууда

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкектеги таштанды полигонунда түтүндү өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Бул максаттар үчүн муниципалитет тарабынан Профсоюзная көчөсүндөгү топурактарды чыгарууга жана түтөп жаткан жерге төгүүгө  каражат бөлүнгөн. 250 рейс жасоо пландалууда.

Топурактарды чыгаруу  менен көчөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн аймак тазаланып, маселени жарым-жартылай чечет.

Учурда жеринде «Тазалык» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканаларынын, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жана «Бишкексууканал» башкармалыгынын, «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын атайын техникалары иштеп жатат.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх