КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине Кыргызстандан кимдер бара турганы белгилүү болду
Садыр Жапаров иш-чарага катышпайт
Президент Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын Санкт-Петербургдагы бейформал саммитине барбайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, Садыр Жапаровдун графиги көп.
«Кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Россиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине карата президенттин куттуктоосун жеткирүү үчүн жөнөтүлдү», - деди ал.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз