Асылбек Аюпов: Өнөр жайдын өсүшүнө байланыштуу акча жакырчылыгы кыскарса жакшы болмок
Эксперт мындай азайуу эмгек мигранттарынын санынын көбөйүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтты
Жакында Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгү отчетун жарыялады, анда Кыргызстан жети жылда (2013-2020-жылдары) акча жакырчылыктын деңгээлин 37%дан 20%га чейин кыскарткан.
Vesti.kg сайтынын редакциясы экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюповдон комментарий алуу үчүн кайрылды.
«Акча жакырчылыгынын кыскарышы өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү жана жаңы жумушчу орундардын түзүлүшү менен коштолсо абдан жакшы болмок», - деди ал. — Биздин өлкөдө эмгек мигранттары жумушсуз деп эсептелбейт, анткени Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли анчалык деле жогору эмес. Бирок адамдар негизинен үмүтсүздүктөн, мекенинде жумуштун жоктугунан жумушка кетип жатышат. Мигранттар кирешесинин бир бөлүгүн Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлөргө жөнөтүп, ошону менен калктын суроо-талаптарын канааттандырышат. Азыр бюджеттик кызматкерлердин айлыгы жакшы көтөрүлдү – 100-150%, бул калктын кирешесин жана суроо-талапты мындан ары да жогорулатат. Ал эми бул инфляциянын деңгээлинин өсүшүнө алып келет. Баалардын жалпы есушун эске алуу менен эмгек акынын жогорулашы жалпысынан тецдештирилиши мумкун.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www