Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдын кыргыз редакциясында 163 ката кетирилген

Бүгүн Жогорку Кеңештин профилдик комитети каталарды оңдоого аракет кылат

Депутаттар мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдын текстинин кыргызча редакциясында 163 ката кетиришти. Бул тууралуу эл депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар кетирилген каталарды оңдоону көздөшүүдө.

"Канча каталарды оңдоо керек болорун элестете аласызбы?!" Бекешев белгиледи.

Муну менен катар депутаттар Кыргызстанда өндүрүлгөн сууну пайдалануу менен улуттук суусундуктарды чыгарган ишканалардын салыктык эмес төлөмдөрү боюнча мыйзам долбоорлорун жана башка бир катар документтерди карашат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх