Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин Октябрь районунун сот аткаруучулары 2,9 миллион сомду өздөштүргөн.

Натыйжада мыйзамдуу каражатты алуучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Октябрь райондук соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн кызмат адамдары тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды.

МСАКтын депозиттик эсебинен «Оптима Банктан» 2 млн 965 миң 800 сом өлчөмүндө акча каражаты мыйзамсыз, кызмат абалынан пайдаланып алынгандыгы аныкталды.

Натыйжада мыйзамдуу каражатты алуучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх