Садыр Жапаров Астанада өтө турган “Борбор Азия – Орусия” саммитине катышат
Президент үч күндүн ичинде жогорку деңгээлдеги үч жолугушууга катышат
Президент Садыр Жапаров Казакстанда өтө турган Борбор Азия-Орусия саммитине катышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
- Бул саммиттен тышкары дагы эки жогорку деңгээлдеги жолугушуу болот жана алардын баары Астанада өтөт, - деп белгиледи администрация. – Бул Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча 6-конференция жана КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны. Жолугушуулардын күн тартибинде Азия чөлкөмүндөгү коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагындагы соода-инвестициялык өнөктөштүк жана «Борбор Азия – Россия» форматында өз ара аракеттенүүнүн келечеги маселелери талкууланат. Саммиттер 12-октябрдан 14-октябрга чейин өтөт.
Михаил Готфрид
Сүрөт www