"Бизде президенттен жогору башка президент барбы?!" Депутат жыйын алдында тинтүүгө алынганына нааразы болду
Мамлекеттик күзөтчүнүн телефонун тартып алганы Мирлан Самойкожого жаккан жок
Депутат Мирлан Самойкожо Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында Өзбекстан менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди талкуулоо алдында депутаттарды тинтүүгө нааразы болду. Мамлекеттик күзөт кызматкерлери эл кызматчысын жумуш ордуна коё берерден мурун телефонду берүүнү суранышкан, анткени жыйында видео жана аудио жазууга тыюу салынган. Самойкожо ызаланып, же телефон менен залга кирерин, же жыйынга такыр келбей турганын билдирди.
Кийинчерээк эл өкүлү ошентсе да жыйындар залына кирип, депутаттар мыйзам боюнча эч кандай текшерүүсү жок отурумдарга катышууга толук укуктуу экенин билдирди.
«Президент жыйын ачык болорун айтты, анда эмне үчүн текшерүү керек? Же бизде президенттен өйдө башка президент барбы?!”, - деди ал.
Ислам Жолдошов
Вероника Таранцева
Сүрөт www