Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүшөт
Бардык каржы ресурстарын азербайжан тарап берет. Фонддун башкы кеңсеси Бишкекте жайгашат
Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимге кол коюу пландалууда.
Фонддун уставдык капиталы 25 миллион долларды түзөт. Мекеменин түзүмү жана схемасы Өзбекстан жана Венгрия менен биргеликте түзүлгөн фонддордун ишине окшош болот.
Бардык каржы ресурстарын азербайжан тарап берет. Фонддун башкы кеңсеси Бишкекте жайгашат.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев 11-12-октябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Сапардын алкагында Садыр Жапаров аны менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www