Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан Катардан Баткен облусундагы талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүгө жардам берүүнү суранды

КРнын ТИМи Катардын ТИМи менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кесиптешинин чакыруусу менен 8-9-октябрда Катар мамлекетине расмий сапар менен барды. Иш сапардын алкагында Кулубаев Катар мамлекетинин вице-премьер-министри, тышкы иштер министри шейх Мохаммед бин Абдурахман Аль Тани менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-катар мамилелеринин актуалдуу маселелерин, атап айтканда, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Тараптар соода, инвестиция, түз авиакаттамдарды ачуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана кыргыз тараптын Катарда өтүп жаткан эл аралык иш-чараларга катышуусуна көңүл бурушту.

Тажикстан менен жакында болгон аскердик жаңжал талкууланып, ага байланыштуу КР Тышкы иштер министри Катар тарапка Баткен районунун талкаланган үйлөрүн жана социалдык инфраструктурасын калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүндү. Катардын тышкы иштер министри кыргыз тараптын өтүнүчүн кылдаттык менен иликтей турганын ишендирди.

Кулубаев кесиптешин 2023-жылы юбилейлик датага – өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына карата Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь-декабрь айларында Катар мамлекетинде өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүүнүн алкагында КР Тышкы иштер министри Катар тарапка ийгиликтерди каалап, бул окуя Катар үчүн гана эмес, бүткүл мусулмандар үчүн тарыхый экенин белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар пландарды ишке ашырууну тездетүү жана эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда туруктуу байланыштарды кармап туруу боюнча макулдашышты.

КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх