Депутат Марлен Маматалиев коомдук транспорттун тарифтеринин көтөрүлүшүнө каршы чыкты
Эл өкүлү бул маселени парламенттин жыйынында кароону сунуштады
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев коомдук транспорттун тарифин көтөрүү зарылдыгын текшерүүнү сунуштады.
«Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коомдук транспорттун тарифтерин көтөрүү маселесин карап жатышат», - деди Маматалиев. «Алар айлыктар көтөрүлдү деп жүйө келтиришүүдө. Мамлекет бир колу менен калктын айлыгын көтөрсө, бир колу менен тарифти көтөрөт экен. Мен бул туура эмес деп ойлойм. Ошондуктан тарифтерди көтөрүү зарылдыгын караш керек.
Ислам Жолдошов
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз