Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммити өтүп жатат
Иш-чарага Азербайжан, Ирак, Иран, Казакстан, Катар, Кыргызстан, Палестина, Россия, Тажикстан жана башка мамлекеттердин башчылары катышат
Казакстандын борборунда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин VI саммити өтүп жатат.
Эл аралык форумга Азербайжан, Ирак, Иран, Казакстан, Катар, Кыргызстан, Палестина, Россия, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан жана Беларустун мамлекет башчылары, Вьетнамдын вице-президенти, Кытайдын вице-президенти катышат.
Саммиттин жүрүшүндө кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана уюмдун негизги артыкчылыктарын талкуулоо пландалууда.
Кечээ, 12-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, ошондой эле Шавкат Мирзиёев жана Илхам Алиев Астанага келишти. Режеп Тайып Эрдоган, Александр Лукашенко, Катардын эмири Эмомали Рахмон жана Эбрахим Раиси Казакстандын баш калаасына иш сапары менен барган.
сүрөт www