Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кырсыктын күнөөкөрүн жазалабайм деп 40 миң сом убада кылган милиционер кармалды (фото)

Кадамжай районунда милиция кызматкери пара менен кармалды

Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан М.Б. пара алып жатканда кармалды.

Ошентип, аталган милиция кызматкери кылмыш ишин козгобой турганын убада кылып, жол кырсыгы фактысын жашырып, оң чечим чыгарганы үчүн жарандан 40 000 сом алган.


Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам аракеттердин жыйынтыгы менен М.Б. мурда алган 22 миң сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн кайтарып берип жаткан жеринен кармалган. Ал Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына чыгарылган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.


Кармоо иш-чарасы УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы жана Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын күзөт кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Башкы прокуратуранын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх