Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Надира Нарматова: Орусияда Кыргызстандан барган мигранттарга кысым болуп жатат деген нааразычылыктар бар

Ошону менен бирге депутат Россия Федерациясынын жарандыгын кабыл алган мекендештерибиз келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоого милдеттүү экенин белгиледи

Депутат Надира Нарматова бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кош жарандыгы бар кыргызстандык эмгек мигранттарынын тагдырына тынчсыздануусун билдирди.

«Россияда жарым-жартылай мобилизацияга байланыштуу биздин эмгек мигранттарыбыздын жашаган жерине рейддер көп катталууда», - деди Нарматова. «Орусиянын жарандыгын алган мекендештерибиз мыйзамдарды сактоого милдеттүү. Бирок кош жарандыгы бар – Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жарандары көп. Алар эмне болот? Мындан тышкары Кыргызстандын жарандары болгон мигранттарга да кысым болуп жатат деген даттануулар бар. КР Тышкы иштер министрлиги жана консулдук ведомстволор биздин жарандар үчүн Россиянын мыйзамдарын тактап, алардын укуктарын коргошу керек.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх