Бишкекте троллейбус мектеп окуучусун сүзүп кетти
Кыз ооруканага жеткирилген
Бишкекте мектеп окуучусун троллейбус сүзүп кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
-Окуя Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде болгон, - деп билдиришти милициядан. - Жабырлануучу шаардык клиникалык балдар ооруканасына жаткырылды. Ал орто деңгээлдеги жаракаттарды алган. Анын жашы жана башка маалыматтар кийинчерээк жарыяланат.
Михаил Готфрид
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз