Кыргызстандын журналисттери “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы чыгышты.
Медиа коомчулук бул документти сөз эркиндигине басым жасоо аракети катары баалап жатат
Журналисттерден жана медиа уюмдардан 68 мүчө кирген Кыргызстандын Медиа-аракет платформасы “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун тынчсыздануу менен кабыл алды. Аны президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы коомдук талкууга койду.
Медиа коомчулук бул мыйзам долбоорун сөз эркиндигине кысым көрсөтүүнүн кезектеги аракети катары баалап жатат.
Мамлекет башчынын администрациясы бул документтин демилгеленүүсүн 1992-жылдын 2-июлундагы “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” азыркы мыйзамдын “моралдык жактан эскиргени” менен түшүндүрүүдө. Анын пикиринде, «учурдагы документтин укуктук ресурсу түгөнүп калды, азыркы коомдун реалдуулуктарына дал келбейт, ошондуктан жаңы мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы айкын болуп калды».
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын жарандарынын көптөгөн маанилүү маселелер боюнча маалымат алуу укугун чектеген нормаларды камтыйт.
Мыйзам актыларын инвентаризациялоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, 1992-жылы кабыл алынып, бүгүнкү күндө күчүндө турган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү зарылчылыгы жок.
Эске салсак, инвентаризация президенттин жарлыгына ылайык Юстиция министрлиги тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык эксперттик топ тарабынан иштелип чыккан методологиянын негизинде жүргүзүлгөн.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун сайттардын ишмердүүлүгүн массалык маалымат каражаттарынын бир түрү катары тааныбай туруп жөнгө салуу мүмкүн эмес деген жүйөөлөрү сынга туруштук бере албастыгын белгилейбиз, анткени учурда интернет-басылмаларды жоопкерчиликке тартуу боюнча көптөгөн мисалдар бар.
Документке ылайык, бардык ЖМКлар 2023-жылдын 1-июнуна чейин юстиция органдарында кайра каттоодон өтүшү керек. Аны аткарбаган массалык маалымат каражаттары жоюлган болуп эсептелет. Бул норма бийликке өздөрүнө жакпаган ЖМКларды кайра каттоодон өткөрбөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Мисалы, “эгерде жалпыга маалымдоо каражаттарынын аталышы (наамы), болжолдуу предмети жана (же) адистиги ЖМК эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууну түзсө”, анда бул каттоодон баш тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн. Ошентип, мыйзам долбоорунун авторлору ЖМКнын эркиндигин кыянаттык менен пайдалануу белгилерин каттоочу органдын аталышында же предметинде кантип аныктай турганын жана «адистик» термини эмнени билдирерин көрсөткөн эмес.
Мындай бүдөмүк нормалар жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоочу органдын ишмердүүлүгүндөгү өзүм билемдикке алып келет.
Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратураны тескөөчү орган катары аныктоочу норма журналисттик иликтөө менен алектенген, курч темаларды, сын материалдарды көтөрүп, аткаминерлерге каршы чыккан ЖМКлардын укуктарын чектөө аракети деп эсептейбиз.
ММКнын, ЖМКнын жана журналисттердин эркиндиги демократиялык коомдун негиздеринин бири. Эркин маалымат каражаттарынын күчү Кыргызстан коңшу мамлекет тарабынан бир нече жолу куралдуу агрессияга дуушар болгон ошол күндөрү даана көрүндү. Бул дагы бир жолу күчтүү маалымат каражаттарынын болушу өлкөнүн улуттук коопсуздугунун маанилүү фактору экенин тастыктады.
Сөз эркиндигин чектеген мамлекеттердин бири да туруктуу өнүгүүгө келе элек. Биз президенттик администрацияны медиа коомчулуктун үнүн угуп, бул мыйзам долбоорун чакыртып алууга чакырабыз.
Сүрөт www