Индияда кыргыз музыкасынын концерти өттү (фото)
Коноктор «Кыргыз жери», «Барам сага», «Эсиндеби» жана башка көптөгөн ырларды угушту, ошондой эле элдик бийлердин аткарылышын көрүштү
Индияда кыргыз музыкасынын концерти болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Иш-чарада «Камбаркан» жана «Ак марал» фольклордук-этнографиялык ансамблдери өз өнөрлөрүн тартуулашты», - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги. - Токтогул, Карамолдо, Ыбырай жана башка чыгаан композиторлордун чыгармалары жаңырып, “Кыргыз жери”, “Барам сага”, “Эсиндеби” жана башка көптөгөн ырларды солисттер Саламат Садыкова, Кундуз Таштаналиева, Аксат Мусабеков аткарышты. Ал эми кыргыздын элдик бийлеринин аткарылышын чогулган коноктор дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты. Концерт коомчулуктун зор кызыгуусун жаратып, көрүүчүлөргө кыргыз маданиятынын унутулгус кечесин тартуулады”.
ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www