Кыргызстандык Эмил Молдодосов оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды (фото)
Мелдешке дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 187 спортчу катышууда
Кыргызстандык спортчу Эмил Молдодосов Бахрейнде өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.
- Мелдештер бүтө элек, бирок биздин спортчу буга чейин күмүш байгеге ээ болгон, - деп билдиришти башкармалыктан. – Ал ирандык Масуд Чатрага караганда жакшы жыйынтык көрсөттү, бирок казакстандык спортчу Асылжан Бектайга утулуп калды. Ага дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 187 спортчу катышып жатканын эске алганда абдан жакшы жыйынтык.
Михаил Готфрид
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз