Роза Отунбаева Кабулда Талибан өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушту
КРнын өткөөл мезгилдеги экс-президенти Ооганстандын лидерлери менен кандай маселелерди талкуулады?
БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева Кабулга болгон иш сапарынын алкагында талиптер жетектеген өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу БУУ жана Sputnik-Афганистан билдирди.
Алардын айтымында, жолугушууда тараптар Ооганстанга эл аралык жардам көрсөтүү, баңги көйгөйү жана кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн камтыган кеңири чөйрөнү талкуулашты.
Талибан өкмөтү тараптан премьер-министрдин орун басары Абдул Салам Ханафи, Тышкы иштер министринин м.а Амир Хан Муттаки катышты. Акыркысынын пикиринде, ооган маалымат каражаттарынын айтымында, Ооганстан менен бүткүл дүйнө үчүн «жакындап, бири-биринин муктаждыктарын түшүнүүгө» убакыт келип жетти, муну БУУнун ортомчулугунун жардамы менен ишке ашырууга болот.
Жолугушуулардын жыйынтыгында Ооганстандын эли туш болгон актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашуулар болду.
Сүрөт www