УКМКнын кызматкерлери контрафакттык спирт сакталган кампаны аныкташты (фото)
Чекисттер машинаны вино продукциясын түшүрүү учурунда кармашкан
15-октябрда УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Кадамжай районунун аймагында контрафакттык продукция сакталган кампаны аныктады.
Ошентип, Мамлекеттик салык кызматынын жана прокуратуранын кызматкерлери менен биргеликте Жийделик айылында винону кампага түшүрүп жаткан учурда «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Жыйынтыгында «СВВЗ» ЖЧКсынын көрсөтүлгөн акциздик маркаларынын көлөмүнүн ортосунда сметалык баасы 277 950 сомду түзгөн алкоголдук продукциялар (1580 даана) аныкталган.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз