­
Каныбек Осмоналиев мыйзам долбоорундагы каталар тууралуу: Адистер профессионалдык сапаты каралбай жумушка алынат окшойт - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каныбек Осмоналиев мыйзам долбоорундагы каталар тууралуу: Адистер профессионалдык сапаты каралбай жумушка алынат окшойт

Жогорку Кеңештин экс-депутаты мыйзам долбоорлорун сапаттуу жазууга жөндөмдүү адистер саналуу гана деп эсептейт

Бир күн мурун Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам долбоорунда жол берилгис сандагы грамматикалык каталар бар деп сынга алышкан.

Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиевге кайрылды.

«Тилекке каршы, орус тилинде да, кыргыз тилинде да сапаттуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жана жазууга жөндөмдүү адистер аз», - деп нааразы болду ал. - Мыйзам долбоорундагы тынымсыз каталар менен болгон окуя мамлекеттик чиновниктер дагы эле кесиптик сапаты үчүн эмес, байланышы, тааныштыгы үчүн кызматка алынгандай таасир калтырууда. Демек, мындай адистердин арасында өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча иш жок.

Ислам Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх