Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чыңгыз Айдарбеков: Керек болсо кызматтан кетүү боюнча арыз жазганга даярмын

Кемпир-Абад боюнча токтомго кол коюудан баш тарткан депутат кошоматчылардын саясаты кыска экенин айтты

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков профилдик комитеттин төрагалыгынан кетиши керек деген кептерге байланыштуу билдирүү жасады.

«Мен кечээ президент Садыр Жапаров менен жолугуп, мамлекет башчысы диалогго ачык экенине ынандым», - деди Айдарбеков. Биз баарыбыз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейбиз. Мен карьералык өсүштүн бардык этаптарынан өттүм, карьералык дипломат. Кезинде Өзбекстанда да өз милдетин аткарып жүргөн. Парламент эң демократиялуу башкаруу системасы. Биз бардыгын ачык талкуулап, Кыргызстандын элине маалымат беришибиз керек. Кошоматчылардын саясаты кыска, убакыт баарын өз ордуна коет. Биздин ар бир чечимибизге шайлоочулар өз баасын беришет. Кызматтан кетиш керек деген кеп бар. Керек болсо арыз жазууга даярмын.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх