Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Поезд тездик менен алдыга жылып баратат. Кимдин убактысы, каалоосу болсо, мени менен иштейт

Депутат Гуля Кожокулова министрлер кабинетинин башчысынын кадр саясатын сынга алды

Депутат Гуля Кожокулова министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрүн бат-бат алмашып, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек укуктарын бузуп жатканын эске салды.

— Министрлер Кабинетинин мучөлөрүнүн бат-бат алмашып турушу сизди жакшы көрсөтпөйт, Акылбек Усенбекович, — деди Кожокулова кабинеттин башчысына. - Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек укуктарын бузуп жатканыңыз тууралуу ойлондуңуз беле? Анткени, аларга башкалар сыяктуу эле эмгек укугу кепилденген. Натыйжаларды көрсөтүү үчүн мамлекеттик кызматкерлер иштеп чыгышы керек болгон белгилүү бир мөөнөттөр бар. Министрлердин бат-баттан алмашып жатышынын себеби эмнеде? Мен жоопко тартылгандарды айтып жаткан жокмун. Бирок кыска убакыттын ичинде министрлер кабинетинин курамы 70%га өзгөрдү. Сиз үчүн бул кадр саясатыңыздагы чоң минус.

Өз кезегинде Жапаров жоопкерчиликти алгандар менен иш алып барарын түшүндүрдү.

«Бул жерде бардыгын ачык айта албайм, бирок поезд тездик менен алдыга жылып баратат, кимдин убактысы болсо, мени менен иштешкиси келсе», - деди Жапаров. Иштегиси келбегендер, жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбегендер команданын сыртында калышат.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх