Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын экс-директору кармалды

Каналдардын боюндагы жерлер жеке адамдарга мыйзамсыз берилип, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна алып келген

УКМК Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабында жана Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында суу коргоо жерлерин мыйзамсыз берүү фактыларын аныктады. Түштүк Чоң Чүй каналынын боюндагы зоналарды жеке жактарга жана курулуш уюмдарына, ошондой эле шаар куруу, уруксат берүүчү жана укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталган.

Тактап айтканда, Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы каналдардын боюндагы жер тилкелерин жеке жактарга мыйзамсыз өткөрүп берип,  көп батирлүү турак-жай жана башка курулуштар курулуп жатканы аныкталды. Өлкөнүн суу фондусунун жерлери бул максаттарга арналбаганы аныкталган.


Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы начальниги Д.Р.Ж. кармалды

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх