­
Жалал-Абад облустук ИИБсы депутат Атазовдун инвесторлордон опузалап акча талап кылган топ бар деген сөзүн четке какты - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облустук ИИБсы депутат Атазовдун инвесторлордон опузалап акча талап кылган топ бар деген сөзүн четке какты

ИИМ белгилегендей, жыл башынан бери мындай бир гана кылмыш катталган

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун Жалал-Абаддагы опузалап акча талап кылган топ тууралуу айткандары чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалык жыл башынан бери облуста бир гана пара талап кылуу фактысы катталганын белгиледи.

«Бул кылмыштын бети ачылып, соттун кароосуна берилди», - деп билдиришти милициядан. - Облуста чет элдик инвесторлордон акча талап кылуу жана башка фактылар жок экенин белгилейбиз.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы жарандарга кайрылып, эгерде кайсы бир жаранга карата мыйзамсыз аракеттерге барган фактылар болсо, тез арада укук коргоо органдарына кайрылууну өтүнөт.

Буга чейин Vesti.kg сайты Шайлообек Атазовдун Жалал-Абад облусунда инвесторлордон акча талап кылган кылмыштуу топ пайда болгонун айтканын жазган.

Ал бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылган.

«Президент биздин өлкөгө инвесторлорду тартуу керектигин дайыма айтып келет, бирок бул жерде алардын укугун эч ким коргобойт», - деп нааразы болду эл өкүлү. - Жалал-Абадда чет элдик ишкерлерден акча талап кылган топ пайда болду. Милиция иштебейт, эл эмне кыларын билбей калды. Кандайдыр бир чара көргүлө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх