Кыргызстанда Конституция боюнча окуу китебинин бет ачары болду
Аны КРнын окумуштуулары жана чет мамлекеттердеги юридика илимдеринин докторлору жазышкан
Бир күн мурун Бишкекте “Конституциялык сот адилеттиги аркылуу конституциялык мыйзамдарды өнүктүрүү: Конституциялык соттун чечимдери жана алардын конституциялык маданиятка тийгизген таасири” деген темада конференция өттү. Бул тууралуу Конституциялык соттун басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, президенттин кеңешчиси, Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашов, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн убактылуу ишенимдүү өкүлү Раймондс Вингрис катышты.
Конференцияда “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү – 2-фаза” (ROLPRO-2) программасынын негизги эксперти Александру Танасе “Кыргыз Республикасынын конституциялык укугу” монографиясын сунуштады.
Монографиянын авторлору:
1. Райнер Арнольд - Регенсбург университетинин профессору.
2. Зарина Эсеналиева - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын укуктук жана уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.
3. Баетов Аяз — ю.и.д философия илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, эл аралык интеграциялык укук тармагындагы адис.
4. Асел Курманалиева – ф.и.к. философия илимдеринин кандидаты, доцент, Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясынын директору.
5. Тома Бирмонтьене – Миколас Ромерис университетинин юридикалык факультетинин профессору (Литва), Литванын Конституциялык сотунун отставкадагы судьясы.
6. Александру Танасе – “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү – 2-фаза” программасынын негизги эксперти (ROLPRO-2).
7. Маралбаева Алия – философия илимдеринин кандидаты. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин доценти,
8. Тони Фикеншер – Регенсбург университетинин юридикалык илимдеринин доктору.
«Илимий эмгек катары бүгүн иш-чарада сунушталган монография биринчи эмгек болуп саналат, аны түзүүгө Кыргызстандын окумуштуулары гана эмес, чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн, анын ичинде Европанын юридика илимдеринин докторлору да катышкан. Бул иш эң маанилүү идеяны – өлкөнү конституциялаштыруу, ансыз адилеттүү коом куруу мүмкүн эместигин карманып, ар түрдүү көз караштарды жана мамилелерди ачуу боюнча өтө чоң иштин башталышы болду», - деди Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев. .
|
Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, президенттик администрациянын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү конференцияга катышууга чакырабыз.
Иш-чара “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү – 2-фаза” (ROLPRO-2) программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.
Сүрөт www