Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда чыгармачыл индустриалдык парк түзүлөт

Министрлер кабинети ылайыктуу иш-чаралардын тизмесин иштеп чыгууда

Экономика жана соода министрлиги Кыргызстанда чыгармачыл индустриалдык парк ачууну көздөөдө. Иш-чаралардын тизмеси тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан даярдалышы керек.

Токтомдун долбооруна негиздеме катта Кыргыз Республикасы азыркы учурда өнүгүү стадиясында турганы жана бул көптөгөн тармактарда – маданият, искусство, экономика, маалымат технологиялары жана башка көптөгөн тармактарда байкалып жатканы айтылат.

«Акыркы жылдары келечекке жол ачкан көптөгөн долбоорлор ишке ашырыла баштады. Муну эске алуу менен бизнестин жаңы тенденциясы катары креативдүү экономиканы ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн мыйзамдык базаны түзүүгө багытталган иштер башталды.

Жалпысынан креативдүү экономика деп креативдүү мамиленин негизинде түзүлгөн жана рынокто суроо-талапка ээ болгон маданий, искусство, инновациялык продуктылар жана кызмат көрсөтүүлөр кирет», - деп белгилешет токтом долбоорунун демилгечилери.

Бул тизмени түзүүдө Улуу Британиянын, Россиянын жана башка өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынганы көрсөтүлгөн.

«Белгилей кетүүчү нерсе, креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча комплекстүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу аркылуу креативдүү тармактардын ата мекендик экономикага кошкон салымын жогорулатуу камсыз кылынат», - деп жыйынтыкталган документте.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх