Абшыр-Ата эс алуу аймагындагы 4,05 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Айыл өкмөттүн кызматкерлери 24 миллион сомдон ашык жерди мыйзамсыз сатышкан
Абшыр-Ата эс алуу аймагында жайгашкан 4,05 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
«Ош облусуна караштуу Ноокат районунда жер мыйзамдарынын талаптарын аткаруунун алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган», - деп билдирди басма сөз кызматы. Кулатов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан сатылып кеткен. Прокуратура сотко берди. Андан соң тиешелүү соттук актылардын негизинде 24 млн 200 миң сомдук 4,05 га аянт көрсөтүлгөн айыл өкмөттүн балансына кайтарылды”.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз