Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы митингчилер Ала-Тоо аянтына барышты(фото)
Митингчилер бийликке арыз менен кайрылышты
Бишкекте Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө нааразы болгондор Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүшкө чыгышты.Митингге 500дөй адам катышууда. Көбүнчө суу сактагычты коңшу өлкөгө өткөрбөөнү талап кылган плакаттар бар. «Кемпир-Абад биздики» деген ураандар угулуп жатат.
Активисттер Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди коомчулукка жарыялоону жана келишимге каршы болгон камактагы активисттерди бошотууну талап кылып, бийликке кайрылуу жазышкан. Митингдин бардык катышуучулары бул петицияга кол коюуну суранышты.
Вероника Таранцева,
Александр Канунников
Фото vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз