Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кармалган оппозициячылардын баары эки айга камакта калтырылды

СИЗО-1ге 18 адам жөнөтүлгөн

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы болгон массалык баш аламандыктарды уюштурган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Жыйынтыгында сот бардык кармалгандарды эки айга СИЗО-1ге камоо чечимин чыгарды.

Камакка алынган активисттер: Чыңгыз Капаров, Айданбек Акматов, Али Шабдан, Таалайбек Мадеминов, Айбек Бусурманкулов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Нурлан Асанбаев.

Саясатчылар: Перизат Суранова, Бектур Асанов, Жеңиш Молдокматов, экс-депутаттар Асия Сасыкбаева, Равшан Жеенбеков, Кубанычбек Кадыров, УКМКнын экс-жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаев, экс-элчи Азимбек Бекназаров.

Кошумчалай кетсек, укук коргоочу Рита Карасартова менен экс-судья Клара Сооронкулова камакта кала берет.

Эске салсак, оппозиция өткөн жекшембиде массалык баш аламандык уюштурган деген шек менен кармалган. Активисттер Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгышкан. Бир күн мурун Бишкекте камактагы оппозициячыларды колдоо митинги өткөн.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх