Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ассоль Молдокматова президенттен камактагы оппозициячыларга көңүл бурууну өтүндү

Теле алып баруучу мамлекет башчыга өзү репрессиянын курмандыгы болгонун эскертти

Белгилүү телеалпаруучу жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова камалган оппозициячыларга көңүл бурууну өтүнүп президентке кайрылды.

«Кыргызстан дайыма сөз эркиндиги менен атагы чыккан. Буткул дуйнөдөгү биздин өлкө жөнүндө айткандай, демократиянын аралы. Биз теңбиз. Бизде бир мүнөттө биригип, көптөгөн маселелерди чечүүгө жардам берген күчтүү жарандык коом бар.

СИЗОго алуу чындап эле азыркы абалдан чыгуунун жолубу?» деп жазган ал социалдык тармакка.

Молдокматова ал дайыма саясаттан алыс болуп келгенин, бирок активисттердин көбү республикага кыйын мезгилде жардам беришкенин белгиледи.

«Кармалгандардын көбүнүн кичинекей балдары бар жана алардын ден соолугу өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Мен Садыр Жапаровго кайрылып, 22 активисттин камалышына көңүл бурууну өтүнөм, анткени сиз да куугунтукка кабылдыңыз, репрессияга кабылдыңыз жана муну сиз болбосоңуз, ким толук түшүнүшү керек», - деп эскерет ал.

Теле алып баруучу өлкө башчыга конструктивдүү диалог куруп, консенсуска келүүнү сунуштады.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх