Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеште 23 активист камалганда эл депутаттары мыйзам долбоорлорун карап отурбашы керектигин айтты
Эл өкүлү күн тартибин жылдырууну жана массалык кармоолорду талкуулоону сунуштады
Бүгүн парламент жыйынында депутат Адахан Мадумаров активисттерди, журналисттерди жана блоггерлерди массалык түрдө кармоого байланышкан маселелерди кезексиз кароону сунуштады.
«23 адам камакка алынганда мыйзам долбоорлорун отуруп алып талкууласаңар, анда бул элдин тандоосуна туура келбейт», - деди Мадумаров. - Биз көп учурда президенттин же министрлер кабинетинин сунушу боюнча мыйзам долбоорлорун кароону кийинкиге калтырабыз. Ошондуктан азыр да активисттерди, журналисттерди, блогерлерди камоону кезексиз кароону сунуштайм. Анткени, бул 23 туткундун артында алардын жакындары, турат. Булар болсо биздин жүздөгөн, жүздөгөн шайлоочуларыбыз.
Ислам Жолдошов
сүрөт wwww