Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында 28-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Түштүк борбордун айрым социалдык объектилеринде жылуулук берүү бир нече күн мурда башталган

Ош шаарында 28-октябрдан тарта бардык социалдык объектилерге жана турак жайларга борбордук жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын каттарынын негизинде айрым саламаттыкты сактоо мекемелерине (облустук төрөт үйү жана шаардык төрөт үйү) 22-октябрдан тарта, калган социалдык объектилерге («Боорукердик» пансионаты, №81 «Балапан» бала бакчасы) 24-октябрдан тарта жылуулук берилди. .

МТУ кызматкерлерине жана тиешелүү кызматтарга жашоочуларга үйлөрдүн жылуулук тармактарын, анын ичинде лифттерди жана арматураларды текшерүү жана даярдоо, ошондой эле кире бериштердин терезе-эшиктерин алдыдагы жылытуу мезгилине жылуулоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Эске салсак, Бишкекте жылуулук 26-октябрдан тарта башталган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх