Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Качкын Булатов: Альтернативдик кызматты колунда бар үй-бүлөлөрдөн чыккандар күч органдарына жумушка орношуу үчүн колдонушат

Укук коргоочу Сурабалдиеванын альтернативдик кызматты жокко чыгаруу идеясына комментарий берди

Альтернативдик аскердик кызматты жоюу адилеттүү болмок. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына укук коргоочу Качкын Булатов депутат Эльвира Сурабалдиеванын альтернативдик кызмат институтун жоюу боюнча билдирүүсүнө байланыштуу бөлүштү.

«Аскердик альтернативдик кызматты колунда бар үй-бүлөлөрдөн чыккан адамдар укук коргоо органдарында иштөөгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүк алуу үчүн адилетсиз пайдаланып жатышат», - деп түшүндүрдү укук коргоочу. - Негизинен коомдун аз камсыз болгон катмарынын өкүлдөрү кызматка кеткен жагдай түзүлөт. Ошого карабастан, кызмат кылууну каалабагандар чакыруудан качуунун жолун табаарын түшүнүү керек.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева альтернативдик аскердик кызматты жоюуну сунуштаган.

 

Александр Канунников

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх