Кемпир-Абад. Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанында активист Мамбетжунус Абыловду колдоо митинги өттү (сүрөт)
Ал массалык баш аламандыктарды даярдаган деген шек менен кармалган
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанында митинг өтүүдө. Чогулган элдин плакаттарында «Сөз эркиндиги, пикир эркиндиги, элдин менчиги!», «Абыловго боштондук», «Саясий туткундарга эркиндик» ж.б.
Алдын ала маалыматтарга караганда, массалык баш аламандыкка даярдаган деп айыпталып жаткан камактагы активист Мамбетжунус Абыловдун баш коргоо чарасы бүгүн сотто тандалмак.
Түшүндүрө кетели, ал бир күн мурда кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 26-октябрда Абыловдун үйү тинтүүгө алынган. Эртеси активистти суракка алуу үчүн Ички иштер министрлигине алып барып, андан соң камакка алышкан.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, Абылов массалык баш аламандык уюштурууга даярданган деп шектелүүдө.
Ал "Массалык баш аламандык уюштурууга даярдык көрүү" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жыйырмадан ашык саясатчылар менен активисттердин дагы бири болуп калды.
Кармалгандар өздөрү бул ишти «ойдон чыгарылган» деп атап, камалышын Кемпир-Абад суу сактагычы жана аны коргоо комитетин түзүү маселеси боюнча пикир келишпестик менен байланыштырууда.
Сүрөт www