Искендер Матраимов Валентина Матвиенкодон сыйлык алды (сүрөт)
Жогорку Кеңештин депутаты «Парламенттик кызматташтыкты бекемдегени үчүн» сыйланды
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Самаркандда өтүп жаткан мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында Россия Федерациясынын Федерация кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенконун колунан сыйлык алды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
- Молдова парламентине шайлоодо КМШнын эл аралык байкоочулар тобунун координатору болгон, - деп эл өкүлү сыйлыктын себебин атады. - Шайлоого узак мөөнөттүү мониторинг жүргүздүк. Андан кийин 100дөн ашык байкоочулар республиканын өзүндө да, чет өлкөлөрдө да, башка өлкөлөрдө да иштешти.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз