Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон Султанбекова: Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу келишиминде аймактык маселе жок

Ошол эле учурда депутат бул документти ратификациялоо ачык режимде өтөрүн белгиледи

Бир күн мурун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жабык жыйында Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу келишиминин долбоорун жактырган.

Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин төрага орун басары Чолпон Султанбековага кайрылды.

«Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселенин курчтугунан улам, туура эмес билдирүүлөрдү болтурбоо үчүн жыйынды жабык эшик артында өткөрүү чечими кабыл алынды», - деди Султанбекова. - Ошол эле учурда келишимдин өзүндө эч кандай сыр жок, бардыгы так жазылган. Алар суу чарбасы боюнча биргелешкен ишкана түзүп, ага ар бир тараптан 12 адам кирет. Алар суунун деңгээлин, сууну пайдалануу тартибин көзөмөлдөшөт. Башкармалыктын курамына суу сактагычка жанаша жайгашкан айылдардын адистери кириши мүмкүн.

Мындан тышкары, парламентарий бекитилген документте аймактык маселе жок экенин түшүндүрдү.

«Суу чарбасы боюнча биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимде эч кандай аймактык маселе жок», - деп улантты Султанбекова. - Бул башка келишим. Эки мамлекеттин президенттери келишимге кол койгондо ратификациялоо үчүн Жогорку Кеңешке документтердин пакети келип, аларды кароо ачык режимде өтөт.

Эске салсак, парламенттин тиешелүү комитети Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу боюнча келишимди жактырган. Комитеттин жети мүчөсү макул, үчөө каршы добуш берди.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх