Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында 20 миң адис иштейт

Нарында өнөр жай эң аз өнүккөн

Өткөн жылы Улуттук статистикалык комитет тарабынан 21 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектилер боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча 12 миңге жакын ишкана, же 54 пайыздан ашыгы өздөрүнүн практикалык ишмердүүлүгүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) колдонушкан.

МКТны колдонгон ишканалардын жана уюмдардын басымдуу үлүшү билим берүү тармагына – 32 пайыз, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо – 12 пайыз, дүң жана чекене соода, ошондой эле автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо – 9 пайызды түздү.

2021-жылы жеке компьютерлердин жалпы санынын 82 миңи, же 33 пайызы билим берүү тармагында иштеген чарбалык субъекттердин үлүшүнө туура келген.

Өткөн жылы билим берүү тармагындагы ишканалар жана уюмдар тарабынан колдонулган оргтехникалардын (сканерлердин, планшеттердин, принтерлердин) саны 22 миңден ашты же оргтехниканы колдонгондордун жалпы санынын 25 пайызын түздү.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында көрсөтүлгөн мезгилде 20 миң адис ишке орноштурулган, анын ичинен 4 миңден ашуун адам (22 пайыз) билим берүү уюмдарында иштеген. Республика боюнча мындай жумушчулардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына (жалпы сандын 35,6 пайызы), эң азы Нарын облусуна (1,2 пайыз) туура келген.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх