Көз карандысыз маалымат каражаттары гана жарандарга өкмөттөрүн жоопкерчиликке тартууга керектүү маалыматты алууга жардам бере алат
Улуу Британиянын, АКШнын, Германиянын, Франциянын элчиликтеринин жана Евробиримдиктин делегациясынын журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнүнө карата билдирүүсү
Улуу Британиянын, АКШнын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Евробиримдиктин делегациялары журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнүнө карата биргелешкен билдирүү жасашты.
«Бүгүн, журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнүндө биз бардык медиа кызматкерлерине урмат-сыйыбызды жана колдообузду билдиребиз. Журналистика – негизги укуктардын бири болгон сөз эркиндигинин бир түрү.
Журналисттер коомчулукка маалымат берип, ар кандай көз караштарга мүмкүнчүлүк берет. Көз карандысыз жана ар түрдүү маалымат каражаттары гана жарандарга өкмөттөрүн жоопкерчиликке тартуу үчүн керектүү маалыматтарды берүүгө жардам бере алат. Эркин ММК коомдун иштеши, ачык-айкындуулук жана демократиялык өнүгүү үчүн зарыл.
Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр журналисттердин ашыкча кысымга дуушар болбостон өз ишин эркин аткарышы үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрөнү илгерилетиши жана түзүшү абдан маанилүү.
Көз карандысыз журналистика Кыргыз Республикасынын демократияны жана экономиканы өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуусун колдойт. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги жана сөз эркиндигине болгон укук Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен корголот. Биз Кыргызстандын өкмөтүн адамдын бул негизги укугун коргоого жана өнүктүрүүгө чакырабыз.
Маалымдама: БУУнун Башкы ассамблеясы 2-ноябрды Башкы Ассамблеянын А/RES/68/163 резолюциясы менен “Журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнү” деп жарыялаган. Резолюцияда журналисттерге жана медиа кызматкерлерине кол салуу жана зомбулуктун бардык учурлары айыпталат. Ал ошондой эле Уюмга мүчө мамлекеттерди журналисттерге жана ЖМК кызматкерлерине карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, жоопкерчиликти камсыз кылуу, журналисттерге жана ЖМК кызматкерлерине каршы кылмыш жасагандарды жоопкерчиликке тартуу жана жабырлануучулардын тийиштүү укук коргоо каражаттарына жетүүсүн камсыздоо үчүн бардык аракеттерди жасоого чакырат. Резолюция мамлекеттерди журналисттер үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрө түзүүгө жардам берүүгө чакырат.
Сүрөт www